Июнда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 3 ирет беттешке чыгат.
Оюндар 2022-2023-жылкы дүйнө жана Азия чемпионаттарынын алкагында өтөт.
Алсак, биздин команда 7-июнда Монголия менен ойнойт, 11-июнда Мьянма менен кез келсе,
15-июнда Япония менен беттешет. Мелдештер Япониянын Осака шаарында уюштурулат.
Белгилеп кетсек, курама команда 30-майда кыска мөөнөттүү окуп-машыгууга чогулат.
2-июнда Японияга учуп кетет. Эске салсак, биздин команда
2019-жылдын ноябрынан бери оюн талаасына чыга элек.