Баткен облусуна өзгөчө макам берүү жөнүндө мыйзам долбоору бардык сунуш жана пикирлерди эске алуу менен иштелип чыкты

Баткен облусуна өзгөчө макам берүү жөнүндө мыйзам долбоору бардык сунуш жана пикирлерди эске алуу менен иштелип чыкты.

 

Бул тууралуу министрлер кабинетинин биринчи орун басары Айбек Жунушалиев билдирди.

 

Анын айтымында, аймакты өнүктүрүү программасын иштеп чыгып, аны ишке ашыруу үчүн жол картасы түзүлөт. Андан тышкары, ведомство аралык жумушчу топ түзүлүп, ага парламент депутаттары жана мамлекеттик органдардын жетекчилери кирет. Эске салсак, Баткен облусуна өзгөчө макам берүү боюнча мыйзам долбоору аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү максатында киргизилүүдө.