Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндөрүн саны 90 миң 612ге жетти

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндөрүн саны 90 миң 612ге жетти.

Республикалык штабдан билдиришкендей, алардын 59 миң 893ү экинчи дозаны алды.

Аймактар боюнча айта турган болсок, вакцина алгандардын көбү Бишкекке, Ош, Чүй жана

Жалал-Абад облустарына туура келет. Кошумчаласак, өлкөдө вакцинация кампаниясы

кытайлык жана россиялык 190 миң препарат менен жүрүп жатат. Ал 29-марттар старт алган.

Бүгүнкү күндө эмдөөдөн өткөндөрдө терс учурлар каттала элек.