Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Японияга 5:1 эсеби менен утулду

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Японияга 5:1 эсебинде утулду.

Оюн Япониянын Суйта шаарынын Panasonic стадионунда өттү.

Мелдештин биринчи бөлүгү 1:3 эсеби менен аяктап, жалгыз голду Мирлан Мурзаев киргизген.

Экинчи бөлүктө Япония курама команданын дарбазасына дагы эки топ киргизгенге үлгүрдү.

Командалар дүйнө чемпионатына тандап алуу турниринин алкагында жолугушту.

Бул азыркы этаптагы акыркы оюн болуп эсептелет. Буга чейин

Кыргызстан Монголиядан утулса, Мьянманы ири эсеп менен жеңген.