Баткен облусунун Максат айылындагы мектепти калыбына келтирүү иштери уланууда.
Учурда дубалдарды, эшик жана телезе блокторун демонтаждоо иштери жүрүп жатат, — дешти
мамлекеттик курулуш агенттигинен. Капиталдык оңдоп-түзөө иштерине республикалык
бюджеттен 15 миллион сом бөлүндү. Пландалгандай, мектептин ремонтун 10-августка
чейин бүтүрүү пландалууда. Эске салсак, билим берүү мекемеси апрелде
кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан жабыркаган.