Кыргызстандан учууга мүмкүн болгон эл аралык аба каттамдар көбөйүүдө.
23-июндан тартып Кувейт—Бишкек—Кувейт багытындагы жаңы туруктуу
аба жолдору ачылат. “Манас эл аралык аэропортунун” маалыматына ылайык,
каттамдар жумасына 2 ирет – шаршемби жана жекшемби күндөрү аткарылат.