Европа Чемпионатынын финалына 45 миң адам киргизилет

Лондондун “Уэмбли” стадионунда өтө турган Европа Чемпионатынын

жарым финалына жана жыйынтыктоочу оюндарына 45 миң адам киргизилет.

Мындай чечим Улуу Британия карантиндик чектөөлөрдү жумшартканына

байланыштуу кабыл алынды. Учурдагы беттештерди көрүүгө 22,5 миң гана

күйөрман киргизилип жатат. Анын ортосунда оюн өтө турган стадион өзүнө

90 миңге чейин адамды батыра алат.