Бишкектин мурдагы вице-мэри мыйзамсыз баюга шектелүүдө.
УКМКнын маалыматына ылайык, 2019-20-жылы иштеген чиновник кызмат абалынан пайдаланып,
байланышы бар компанияларга көп кабаттуу үй куруу үчүн уруксат кагаздарын алууга жардам берген.
Вице-мэрдин Бишкекте өзүнө жана жакындарына катталган 7 жер тилкеси, 15 мекеме, 11 батир,
10 унаа токтотуучу жай, Ысык-Көлдө эки коттеж, кымбат баалуу беш машинеси бар.
Жалпысынан 100 миллион сомдон ашыкка бааланган мүлк мурдагы муниципалдык
кызматкердин расмий кирешесине туура келбейт, — деп кошумчалашты атайын кызматтан.