Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы Маркай айылында
жайгашкан шахта урап, эки адам калып калган. Бул тууралуу КР ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.
Билдирүүгө ылайык, жерине саат 14:45те ӨКМдин беш куткаруучусу,
Сузак райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 1 офицер жана тез жардам кызматынан 1 бригада тартылган.
Учурда куткаруучулар кырсык болгон жерде 2 жаран шахтанын ичинде
калганын аныктап, куткаруу иштери жүрүп жатат. Бир жаран
тез жардам унаасы менен облустук ооруканага жиберилди.