Бишкектин Көк-Жар кичи районунда жаңы сквер пайда болот

Бишкектин Көк-Жар кичи районунда жаңы сквер пайда болот. Октябрь районунун акимиатынан билдиришкендей,  эс алуу аймагында ирригациялык тармак, отургучтар, таштанды челектери, көчө жарыгы орнотулат.   Курулушка каражатты мэрия бөлүп берсе, көрктөндүрүү иштери менен бейөкмөт фонддордун бири алектенет. Иштер августка чейин жыйынтыкталат.

Чүй облусунун дыйкандары сугат суусунун жетишсиздигине нааразы болууда

Чүй облусунун дыйкандары сугат суусунун жетишсиздигине нааразы болууда. Алардын айтымында, суунун жоктугу республиканын азык-түлүк коопсуздугуна чоң коркунуч жаратууда.   Сугат суусу менен камсыздоодо чоң маселелер бар экендигин министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов дагы мойнуна алды. Ал белгилегендей, бул Чүй дарыясына суу кирбей калганына байланыштуу.  … Кененирээк…

Милиция Ысык-Көлдө туристтик сезондо коомдук коопсуздукту камсыздоого даяр

Милиция Ысык-Көлдө туристтик сезондо коомдук коопсуздукту камсыздоого даяр. Облустун ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, бүгүнкү күндө аймакта милициянын 700 кызматкери, элдик кошуундун 350 мүчөсү иштеп жатат.   Аларга жалпысынан 50 кызматтык унаа тапшырылган. Туристтик милициянын базасында чалуу борбору уюштурулган, анда туристтерге зарыл маалымат англис тилинде берилет.… Кененирээк…

Калифорнияда 2 адамга эсептелген учак-такси тартууланды

Калифорнияда 2 адамга эсептелген учак-такси тартууланды.   Ал бир жолу кубатталгандан кийин 100 чакырым жүрө алат, максималдуу ылдамдыгы — саатына 240 чакырымды түзөт. Мындай такси вертолеттой ызы-чуу чыгарбай, акырын жүрөт.   Самолет-такси жалпы колдонууга 2024-жылы берилет.

Катардан дарыгерлер тобу келип, угуусу начар 29 балага акысыз операция жасап берет

Катардан дарыгерлер тобу келип, угуусу начар 29 балага акысыз операция жасап берет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Андан такташкандай, алар ала келген атайын импланттарды коюп, чыгымды Катар мамлекети көтөрөт.   Жыл аягына чейин 50 операция жасалат, — дешти ведомстводон.

Россиядагы көк бөрү турнирин Москва командасы утуп алды

Россияда кыргыздын атактуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталды. Баш байгеге Айтматовдун кубогу ойнотулуп, аны Москва командасы утуп алды.   Турнир Москва облусунун Сергиев Пасад шаарындагы Благовещенский талаасында болуп, Кыргызстан менен Россиядан төрт команда катышты. Көк бөрүнүн маанисин эл… Кененирээк…

Бишкектин айрым аймагында электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймагында электр энергиясы өчүрүлөт.   “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин жарык Ауэзов, Жетиген, Андижан көчөлөрүндө, 11-11-кичи райондордо, Көк-Жар, Ынтымак, Арча-Бешик, Кара-Жыгач конуштарында, Совмин дачаларында жана №1 мамлекеттик резиденцияда жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.