Нарын облусунун Бугучу айылында жаңы мектеп ачылды

Нарын облусунун Бугучу айылында жаңы мектеп ачылды. Курулуш жана архитектура мамлекетик кызматынын маалыматына ылайык, жалпы билим берүү мекемеси 150 окуучуга чакталган.

 

Анда бардык жабдуулар менен камсыздалган спорт зал, химия, эмгек, физика жана компьютер класстары бар. Мектептин курулушу  2019-жылы башталып, сметалык баасы 690 миң долларды түздү.