Коронавируска каршы вакцина алууну каалагандар эми телефон аркылуу кезекке тура алат.
Онлайн сервистен тышкары 118 кызматы аркылуу каттоо дагы жүргүзүлүп баштады, — дешти Саламаттыкты сактоо министрлигинен.
Маалыматка ылайык, аталган кызматтын милдеттери кеңейтилип, 118 кызматынын операторлору эмдөө процедурасына байланыштуу суроолорго дагы жооп берет. Бул максатта операторлордун саны көбөйтүлүп, атайын окуудан өткөрүлдү.