Токтогул суу сактагычында суу сутка ичинде 17 миллион метр кубга көбөйдү

6-июлга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 167 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.

 

«Бүгүн, 6-июлга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 167 миң метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 630 метр куб, агып чыгышы 428 метр кубду түзүүдө», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Кечээ, 5-июлда суу сактагычта 11 миллиард 150 миллион метр куб суу бар болчу.