Бишкектин бир бөлүгүндө электр энергиясы өчүрүлөт

    Бишкектин бир бөлүгүндө электр энергиясы өчүрүлөт.   “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин жарык Шевченко, Фирсов, Төкөлдөш, Москва, Тимирязев, Үмөталиев, Каралаев көчөлөрүндө, 6-кичи райондо, Ак-Ордо, Арча-Бешик, Алтын-Ордо конуштарында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Эми Москва шаарынан түз көл жээгине учуп келсе болот

Эми Москва шаарынан түз көл жээгине учуп келсе болот. Ысык-Көл эл аралык аэропорту туристтик мезгилге байланыштуу бүгүн 15-июлда Москвадан биринчи каттамды кабыл алат.   Москва-Тамчы-Москва авиакаттамы жумасына үч ирет — дүйшөмбү, бейшемби жана ишемби күндөрү аткарылат. Билеттин баасын россиялык авиакомпания орнотот. Анын наркы азырынча белгисиз.

Кыргызстанда Курман айт майрамына карата 4 күндүк эс алуу жарыяланды

Кыргызстанда Курман айт майрамына карата 4 күндүк эс алуу жарыяланды.   Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон жарлыкка ылайык, 19-июлдагы иш күнү 24-июлга которулду.   Курман айт быйыл 20-июлда белгиленет. Андан улам, кыргызстандыктар 17-июлдан 21-июлга чейин эс алат.

Аалымдар кеңеши вакцина жөнүндө фатва чыгарды

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши коронавируска каршы вакцина алуу жөнүндө фатва чыгарды. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы кабарлап, коронавирустун жайылышынын алдын ала турган жалгыз ыкма — эмдөөдөн өтүү экенин билдирди.   «Эмдөөнүн пайдасы менен зыяны медицинага таандык. Вакцинанын зыяны жок болсо, ислам дини эмдөөгө каршы… Кененирээк…