Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө пунктта жүздөй жүк ташуучу унаа турат

Кыргыз-Казак чек арасындагы «Ак-Тилек» көзөмөл өткөрүү пунктунда 100дөй кыргыз жүк ташуучулары турат. Бул бүгүн, 15-июль саат 08:00гө карата алынган маалымат экенин Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.   Мекеменин маалыматына караганда, жүк ташуучу унаалардын 30-40ы контейнер ташыса, калганы эл керектөөчү товарларды жана тамак-аш азыктарын ташыйт. «Аталган… Кененирээк…

Нидерландыда ашпозчу дүйнөдөгү эң кымбат бургер даярдады

Нидерландыда ашпозчу дүйнөдөгү эң кымбат бургер даярдады.   Азык бир адамга эсептелген. Ал мрамордук уй этинен, ашкана алтынынан жана шарап кошулган нандан жасалды.   Андан тышкары, ингредиенттердин ичинде икра жана соус барбекю бар. Мунун бардыгын кошкондон кийин бургердин баасы дүйнөлүк рекорд коюп – 5 миң… Кененирээк…

Республиканын тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу бар

Республиканын тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу бар.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, ылай аралаш массасынын түшүү коркунучу 19-июлга чейин сакталат.   Жарандарга  этият болуу сунушталат.

Кайра шайлоодо добуштардын 15 же андан көп пайызын алган партияларга күрөө акысы кайтарылат

Кайра шайлоодо добуштардын 15 же андан көп пайызын алган партияларга күрөө акысы кайтарылат.   Бул тууралуу бизге БШКдан билдиришти. Ал эми тиешелүү добуштарды топтой албай калган саясий уюмдардын күрөө акысы бюджетте калат.   Эске салсак, Бишкек жана Ошто партияларга күрөө акысы 50 миң, ал эми… Кененирээк…

Быйыл калк үчүн электр энергиясынын тарифтери өзгөрбөйт

Быйыл калк үчүн электр энергиясынын тарифтери өзгөрбөйт. Бул тууралуу “Азаттыкка” энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди.   Анын айтымында, президент менен жолугушууда өлкөдө айлык, пенсия жана жөлөк пулдардын көлөмү көтөрүлмөйүнчө, тарифтерди кымбаттатпай туруу чечими кабыл алынды. Бирок кийинки жылы инфляцияны эске алуу менен бирдиктүү тарифтер киргизилет.… Кененирээк…

Европа чемпионатынын мыкты оюнчусу Джанлуиджи Доннарумма “ПСЖ” клубуна өттү

Европа чемпионатынын мыкты оюнчусу, Италия курамасынын дарбазачысы Джанлуиджи Доннарумма “ПСЖ” клубуна өттү. Голкипер 5 жылдык келишимге кол койду.   22 жаштагы футболчуга париждик клуб жылына 10 миллион евродон төлөп берүүгө даяр. Эске салсак, июнда Доннарумманын “Милан” клубу менен келишими аяктаган.

Бишкектин Абдрахманов көчөсүндөгү гүл клумбалары жана инсталляциялар жарыктандырылды

Бишкектин Абдрахманов көчөсүндөгү гүл клумбалары жана инсталляциялар жарыктандырылды. Мэриянын маалыматына ылайык, “Бишкексветтин” кызматкерлери 300 метр электр линияларын өткөрүп, 28 түстүү жарык диоддук лампаларды орнотту.   Ордо калаа көчөлөрүн жарыктандыруу иштери уланууда, — дешти муниципалитеттен.

Коронавирустан эмдөө шариятка каршы келбейт

Коронавирустан эмдөө шариятка каршы келбейт. Бул тууралуу Мусулмандардын дин башкармалыгынан билдиришти.   Кеңеш вирустун кеңири жайылып жатканын эске алуу менен эмдөөлөр азыркы мезгилде илдеттин алдын алуунун эң таасирдүү каражаттарынын бири болуп саналарына токтолду.   Эске салсак, 11-июлдан бери Кыргызстанда Кытайдын Sinopharm вакцинасы менен массалык эмдөө… Кененирээк…

Кыргызстанда жашоо минимуму 6 миң 332 сом деп орнотулду

Кыргызстанда жашоо минимуму 6 миң 332 сом деп орнотулду.   Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Андан белгилешкендей, бул өткөн жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу, 15,6 пайызга көп.   Жашоо минимуму – адамдын күнүмдүк жашоо-тиричилигине жетиштүү азык-түлүк менен тейлөөнүн минималдуу наркын камтыган көрсөткүч. 2020-жылы… Кененирээк…

Азербайжан Кыргызстанга гуманитардык жардам иретинде 40 миң доза AstraZeneca вакцинасын бөлүүнү пландап жатат

Азербайжан Кыргызстанга гуманитардык жардам иретинде 40 миң доза AstraZeneca вакцинасын бөлүүнү пландап жатат.   Бул тууралуу биздин өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, учурда эки тарап вакцинаны бардык талаптарга ылайык Кыргызстанга жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Белгилеп кетсек, учурда өлкө жарандары россиялык жана… Кененирээк…