Токио олимпиада оюндарынын көбү көрүүчүсү жок өтөт.
Коронавирус пандемиясынан улам бир жыл кеч өткөрүлүп жаткан Токио-2020 жайкы Олимпиадасы катуу тартипте өтөт.
Спортчулар өз өлкөсүнөн чыгардан 96 саат мурун 2 жолу, аэропортко кирүү алдында, ошондой эле Японияда жүргөн ар бир күнү коронавируска каршы тест тапшырып турат. Таймаштардын көпчүлүгү көрүүчүлөрсүз өтөт. Бирок түз алып берүү уюштурулат.