Дүйнөдө вирустун «дельта» түрү тез жайылууда

Дүйнөдө коронавирустун «дельта» түрүнүн жайылышы тынчсыздануу жаратууда. Бир нече ай мурда АКШда вирус жугузгандар азайган, бирок июлдун башынан бери ал эки эсеге көбөйдү. Мындан улам өлкө жетекчилиги коронавируска каршы вакцина албагандарды эмдөөдөн өтүүгө чакырды. Жо Байден вакцинаны алгандардын саны аз болгон штаттарда вирусту жугузгандар көп экенин белгилеп, өлкө экономикасы пандемия менен күрөшкө түздөн-түз көз каранды экенин билдирди.

 

16 айга жакын чек аралары жабык турган Канада 9-августтан тарта толук эмделген америкалыктар өлкөгө кире аларын жарыялады. Ал эми 7-сентябрдан баштап вакцина алган бардык чет өлкөлөрүктөргө эшигин ачат.

 

Коронавирусту жугузгандар көбөйгөнүнө карабай Англия 19-июлдан тарта бардык чектөөлөрдү алды. Ал эми Европадагы Испания, Греция жана Нидерланддар мурдагы чектөөлөрдү кайрадан киргизүүдө. Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Өзбекстанда коомдук тамактануу жайларына талаптар күчөтүлдү.

Адистер мусулмандардын маанилүү майрамдарынын бири болгон Курман айтта вирусту жугузгандар көбөйүшү мүмкүн деп чочулашууда.