Лейлек районунда нөшөрлөгөн жаан сел жүрүүгө алып келди

Лейлек районунда нөшөрлөгөн жаан сел жүрүүгө алып келди.

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, суу менен ылай аралаш масса 16 жаштагы өспүрүмдү агызып кетти.

 

Анын жансыз денесин жергиликтүү тургундар тапты. Андан тышкары, Козу-Баглан, Катран, Лейлек, Тогуз-Булак, Айкөл, Ак-Терек, Гөлбө, Чымген айылдарында турак-жайларды суу каптады. Ички чарбачылык жолдор, көпүрөлөр, мектеп, бала бакча жана мечит имараттары жабыркады. Жеринде тазалоо иштери уланууда.