Кыргызстанда биринчи жолу мушташ боюнча дүйнө чемпионаты өтөт

Кыргызстанда биринчи жолу мушташ өнөрү боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Бул туурасында Кыргызстандын ММА ассоциациясынан билдиришти. Мындай уникалдуу дүйнө биринчилиги Ысык-Көл облусунда 3-августта башталып 8-августка чейин уланат. Мушкерлер спорттун эрежесиз эр уруш, грэпплинг, жиу-житсу жана муай тай түрлөрү боюнча күч сынашат. Турнир Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак… Кененирээк…

Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү жогорулоо багытында

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү бүгүнкү күнгө карата 11 млрд 630 млн куб метрге жетти. Бул тууралуу КРнын «Электр станциялары» ААКтын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, учурда суунун агып келүүсү секундасына 656 куб метрди, агып чыгуусу секундасына 451 куб метрди түзүүдө.

Президент Садыр Жапаров коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өттү

Президент Садыр Жапаров коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет. Мамлекет башчысы менен анын уулу коронавирус инфекциясына каршы вакцинанын биринчи дозасын борбордогу мобилдүү эмдөө пункттарынын биринде алышты. Садыр Жапаровго эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу паспорт берилди. Президент кыргызстандыктарга кайрылып, вакцина алуу чечими ар… Кененирээк…

Алай районундагы Гүлчө—Бүлөлү жолунда сел жүрдү

Алай районундагы Гүлчө—Бүлөлү жолунда сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 22-июлда саат 19:30 чамасында кыска убакытка жааган жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон топтолуп аккан суу Гүлчө—Бүлөлү ички чарбалык жолдун 42-чакырымына, Ак-Талаа тилкеси кум-шагылга толуп калган. Бүлөлү айыл аймагынан 1 жүктөгүч тартылып, тазалоо,… Кененирээк…

Кыргызстанда августта аба-ырайы кандай болоорун кыргызгидрометтен айтып беришти

Кыргызстанда августта аба-ырайы кандай болоорун кыргызгидрометтен айтып беришти. Адистердин айтымында, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы абанын орточо айлык температурасы 1 градустан жогору болот. Башка аймактарда климаттык нормага жакын болот. Ысык-Көлдө дагы жаан-чачын нормадан ашпайт жана жылдагыдан ысык болбойт. Термометр мамычалары +29га чейин көтөрүлөт. Түнкүсүн… Кененирээк…

Хирургдар алгачкы ирет адамга толук жасалма жүрөк салышты

Хирургдар алгачкы ирет адамга толук жасалма жүрөк салышты. Мындай маалыматты АКШдагы Дьюк университети берди. Протез толук түрдө жасалма орган. Импланттын максималдуу жарактуу мөөнөтү 5 жылды түзөт. Аталган убакыт бою жасалма жүрөк салынган адам 4 килограмдык баштыкты көтөрүп жүрүшү керек. Анда органды иштетип туруучу техника салынган.

Бишкекте дагы бир эмдөө түйүнү ачылды

Бишкекте дагы бир эмдөө түйүнү ачылды. Мэриянын маалыматына ылайык, эми 12-кичирайондогу «ДК» соода борборундагы пункт эртең мененки саат 8,5дан кечки 9га чейин ачык болот. Ага эмдөөдөн өтүүнү каалаган жарандар паспорту менен бара алышат. Бардык маалыматтар бирдиктүү базага киргизилет. Белгилеп кетсек, ушуну менен ордо калаада 48… Кененирээк…

Кыргызстанда президенттин кубогу үчүн көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш өтөт

Кыргызстанда президенттин кубогу үчүн көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Улуттук ат оюну боюнча мелдеш эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналып, ага жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн командалары катыша алат. Мелдешке 10-августка чейин катталса болот. Оюндар 22-августтан 31ине чейин Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтөт.

Кытайдын Шэньчжэнь шаарында айдоочусу жок 20 такси ишке киргизилди

Кытайдын Шэньчжэнь шаарында айдоочусу жок 20 такси ишке киргизилди. Унаалар туристтик 100 түйүнгө учуп коно алат. Белгилеп кетчү нерсе, айдоочусу жок такси менен бир гана жашы жеткен жарандар жүрө алышат. Жакшысы анда жеткирүү үчүн акча алынбайт, толук акысыз.

Бүгүн, Токиодо жайкы Олимпиада оюндары башталат

Бүгүн, Токиодо жайкы Олимпиада оюндары башталат. Ага коронавирус пандемиясынан улам көрүүчүлөр киргизилбейт. Ачылыш аземге алгач Греция курамасы чыкса эң акыркы болуп Япония чыгат. Кыргызстан курамасынан желекти ок атуучу Каныкей Кубанычбекова көтөрөт. Жалпысынан биздин 16 спортчу ат салышат. Иш-чара Бишкек убактысы боюнча кечки саат 5те башталат.… Кененирээк…