Хирургдар алгачкы ирет адамга толук жасалма жүрөк салышты.
Мындай маалыматты АКШдагы Дьюк университети берди.
Протез толук түрдө жасалма орган. Импланттын максималдуу
жарактуу мөөнөтү 5 жылды түзөт. Аталган убакыт бою жасалма
жүрөк салынган адам 4 килограмдык баштыкты көтөрүп жүрүшү керек.
Анда органды иштетип туруучу техника салынган.