Алай районундагы Гүлчө—Бүлөлү жолунда сел жүрдү.
Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 22-июлда саат 19:30 чамасында кыска убакытка
жааган жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон топтолуп аккан суу
Гүлчө—Бүлөлү ички чарбалык жолдун 42-чакырымына, Ак-Талаа
тилкеси кум-шагылга толуп калган.
Бүлөлү айыл аймагынан 1 жүктөгүч тартылып, тазалоо,
калыбына келтирүү иш-чаралары жүргүзүлгөн.
Бул иштер бүгүн, 23-июлда дагы улантылат.
Учурда жол бир тараптуу ачык.