Бишкекте дагы бир эмдөө түйүнү ачылды

Бишкекте дагы бир эмдөө түйүнү ачылды.

Мэриянын маалыматына ылайык, эми 12-кичирайондогу «ДК»

соода борборундагы пункт эртең мененки саат 8,5дан кечки 9га чейин ачык болот.

Ага эмдөөдөн өтүүнү каалаган жарандар паспорту менен бара алышат.

Бардык маалыматтар бирдиктүү базага киргизилет. Белгилеп кетсек,

ушуну менен ордо калаада 48 эмдөө түйүнү иштеп жатат.