Кыргызстанда биринчи жолу мушташ боюнча дүйнө чемпионаты өтөт

Кыргызстанда биринчи жолу мушташ өнөрү боюнча дүйнө чемпионаты өтөт.

Бул туурасында Кыргызстандын ММА ассоциациясынан билдиришти.

Мындай уникалдуу дүйнө биринчилиги Ысык-Көл облусунда 3-августта башталып 8-августка чейин уланат. Мушкерлер спорттун эрежесиз эр уруш, грэпплинг, жиу-житсу жана муай тай түрлөрү боюнча күч сынашат.

Турнир Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын алкагында уюштурулууда.

Иш-чарага Free Fightinp, Grappling-Free Fightingr, Muay Тhаi жана World Usmanot’s Combat Systems Association спорттук уюмдары катышат. Жалпысынан 17 өлкөдөн 1000дей спортчу келмекчи.