Ысык-Аба ырайы эс алуучулардын Ысык-Көлгө агылышына шарт түзүүдө

Ысык-Аба ырайы эс алуучулардын Ысык-Көлгө агылышына шарт түзүүдө.

Аймактык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, быйыл туристтердин

коопсуздугун 500дөн ашык милиция кызматкерлери камсыздап жатат. Алардын

катарында ички иштер министрлиги академиясынын курсанттары дагы бар.

Туристтер массалык түрдө келген жерлерде тажрыйбалуу кызматкерлерден

түзүлгөн ыкчам-иликтөө тобу нөөмөттө турат.