Жакында эле Бишкек – Батуми – Бишкек багыты боюнча ачылган аба каттамы токтотулду

Жакында эле Бишкек – Батуми – Бишкек багыты боюнча ачылган аба каттамы токтотулду.

Бул аталган аба жолдоруна сапарга чыгуучулардан суроо талап төмөн болгонуна байланыштуу.

Болжолдуу түрдө, сентябрда Грузияга кайрадан түз учуп барганга шарт түзүлөт. Эске салсак,

Бишкек – Батуми – Бишкек аба каттамы 17-июлда ачылган. Учактар жумасына бир ирет каттап жаткан.