Бишкекте 114 муниципалдык объектиде ондоп-түзөө иштери жүрүп жатат.
Мэриядан билдиришкендей, алар билим берүү уюмдары, китепканалар,
саламаттыкты сактоо мекемелери, маданият үйлөрү жана музейлер.
Учурда иштер 13 мекемеде аяктады, калганын 25-августка чейин
жаңылоо пландалууда. Жумуштар быйыл жыл аягына чейин аяктайт.