Денис Петрашов Олимпиада-2020 мелдешинде 200 метрге брасс ыкмасында сүзүү жарышында жарым финалга чыга албай калды

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Олимпиада-2020 мелдешинде 200 метрге брасс ыкмасында сүзүү жарышында жарым финалга чыга албай калды.

Мелдеш беш сүзүү менен өткөн. Петрашов экинчи топто жарышка чыгып, 2 мүнөт 10,07 секунда жыйынтык менен өз атаандаштарынын арасында алдыда келген.

Эрежеге ылайык, беш топтон мыкты натыйжа көрсөткөн 16 спортчу жарым финалга чыгат. Тилекке каршы, 40 катышуучунун ичинен кыргызстандык спортчу 17-орунду ээледи. Жарым финалга чыгуу үчүн жарым секунд жетишкен жок. Мындан улам Денис Петрашов Олимпиада мелдешинен четтеди.

Эске сала кетсек, 24-июлда Петрашов 100 метр аралыкты брасс ыкмасында 1 мүнөт 0,23 секунд убакытта сүзүп өтүп, 27-орунга жайгашкан.