Беш-Күнгөй айылынын тургундары 6 күндөн бери суусуз күн кечиришүүдө

Беш-Күнгөй айылынын тургундары 6 күндөн бери суусуз күн кечиришүүдө.

Алардын айтымында, мындай кырдаалга Таш-Мойнок айылдык кеңешинин депутаты

Адилет Асаналиев күнөөлүү. Анын буйругу менен 22-июлда суу дарбазасынын

жанындагы башкы түтүк кесилген, Проектируемая көчөсүндөгү жашоочуларга

алып баруучу суу түтүгү жабылган. Депутат айылдыктарды суудан ажыратып,

суу түтүктөрүн кайра калыбына келтирүү аракети болсо массалык башалмандык

уюштураарын айтып коркуткан. Беш-Күнгөйлүктөр бийликтен Асаналиевге карата

чара көрүүгө жардам сурап, материалдык зыянды толурууну суранышууда.

Депутат жарактан чыгарган суу түтүктөрдү жашоочулар өздөрү орноткон.

Аны өткөрүүгө бешкүнгөйлүктөр жарым миллион сом сарпташкан.

Укук коргоочулар тургундардын даттануусуна чара көрө элек.