Олимпиада оюндарында 15 алтын медаль менен Кытай биринчи орунда баратат

Олимпиада оюндарында 15 алтын медаль менен Кытай биринчи орунда баратат. Андан кийин Япония турса, үчүнчүдө АКШ жайгашты, учурда анын капчыгында 14 алтын бар. Ал эми Борбор Азия мамлекеттеринен Өзбекстанда бир алтын, бир коло медаль болсо, Казакстан үч коло алып, рейтингде 55-сапка жайгашты. Түркмөнстанда бир күмүш… Кененирээк…

Балыкчы шаарында жана Тоң районунун Кара-Талаа, Оттук айылдарында сел жүрдү

Балыкчы шаарында жана Тоң районунун Кара-Талаа, Оттук айылдарында сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүн, таңда каптаган суу турак жайларды каптап, ички жолдорго жана арыктарга кум шагыл толуп калды. Ысык-Көлдүн түштүк жагындагы трассанын 35-чакырымында жолдун айрым жерлери дагы жабыркады. Ал эми көлдүн түндүк жагынан… Кененирээк…

Беш-Күнгөй айылынын көйгөйү жакынкы аралыкта чечилет

Беш-Күнгөй айылынын көйгөйү жакынкы аралыкта чечилет. Тагыраагы, Проектируемая көчөсүндөгү 15 үйдүн жашоочуларынын арыздары каралууда жана таза сууну өчүргөн депутат Адилет Асаналиевге карата териштирүү иштери жүрүүдө, — деди Аламедин районунун акиминин биринчи орун басары Манас Касымбеков. Эске салсак, бешкүнгөйлүктөр бир жумадан ашык убакыттан бери таза суусуз… Кененирээк…

Кадыр Атамбаев Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болду

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болду. Бүгүн, 30-июлда Бишкек шаардык кеңешинин жаңы депутаттары ант беришти. Кадыр Атамбаев дагы күбөлүк жана төш белги алды. Ал шаардык кеңешке «Социал-демократтар» партиясынын тизмеси менен келди. 11-июлда өткөн Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо «Социал-демократтар» 5… Кененирээк…

Бишкекте электр зымдарын оңдоо иштери уланууда

Бишкекте электр зымдарын оңдоо иштери уланууда. Ага байланыштуу бүгүн кечки саат 6га чейин Лулумба, Троицк, Анкара, Курманжан Датка, Торугарт, Жайылган, Шаты жана Оберон көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, «Салам-Алик», «Арча-Бешик» жана «Кара-Жыгач» конушунда жок болот.

Нарын жашоочулары куруучулардын начар ишинен улам таза суусуз калды

Нарын жашоочулары куруучулардын начар ишинен улам таза суусуз калды. Бул жылы муниципалитет таза суу тармактары системасын калыбына келтирүү үчүн долбоорду ишке ашырды. Шералиев, Москва көчөлөрүндө “Кирпич” аймагында суу түтүктөрү алмаштырылып, Чоң-Алыш көчөсүнө тармактар өткөрүлдү. Сыноо убагында жаңы түтүктөр суунун күчүн көтөрө албай 32 жерден авариялык… Кененирээк…

Бүгүн таңда катталган катуу шамалдын ордун нымдуу аба-ырайы басат

Бүгүн таңда катталган катуу шамалдын ордун нымдуу аба-ырайы басат. Синоптиктердин маалыматы боюнча, шамалдын ылдамдыгы жайлап, түшкө жакын жамгыр жаайт. Бирок ал көпкө узабайт. Бирок күн аягына чейин асман бүркөк болот. Бүгүн абанын температурасы +27ге чейин жогорулайт. Дем алыш күндөрү кайрадан күн ачылат, абанын табы +33гө… Кененирээк…

Google корпорациясынын дүйнө боюнча кеңселерине вакцина албаган кызматкерлери киргизилбейт

Google корпорациясынын дүйнө боюнча кеңселерине вакцина албаган кызматкерлери киргизилбейт. Бул тууралуу мекеменин башкы директору Сундар Пичаи өзүнүн блогу аркылуу билдирди. Ошол эле учурда көрүлгөн чаранын так мөөнөтү белгиленген жок, ар бир өлкөнүн вакцинага жеткиликтүүлүгүнө жараша өзүнчө талаптар коюлат. Текшерүүлөрдү жакынкы жумаларда АКШдагы кеңселерден баштоо пландалууда.

Бишкекте саат 10дон кечки 8ге чейин оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө киргизилди

Бишкекте саат 10дон кечки 8ге чейин оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө киргизилди. Тыюу салуулар 1-сентябрга чейин абанын температурасы +28ден жогору болгон күндөрү күчүндө болот. Чектөөлөр 18 тоннага чейинки чоң жүк ташуучу жана иригабариттүү транспорт каражаттарына тиешелүү. Мындай чаралар ордо калаадагы жолдордун ишке жарамдуулугунун сактоо… Кененирээк…

Жергиликтүү бийликтин чара көрбөй жатканына Беш-Күнгөй айылынын жашоочулары даттанышууда

Жергиликтүү бийликтин чара көрбөй жатканына Беш-Күнгөй айылынын жашоочулары даттанышууда. Бир жумадан көп убакыттан бери Проектируемая көчөсүнүн 15 үйү таза суусуз күн кечирүүдө. Алардын айтымында, туругундардын мындай абалга кабылышына Таш-Мойнок айылдык кеңешинин депутаты Адилет Асаналиев күнөөлүү. Анын буйругу менен 22-июлда суу дарбазасынын жанындагы түтүктүн бир бөлүгү… Кененирээк…