Беш-Күнгөй айылынын көйгөйү жакынкы аралыкта чечилет.
Тагыраагы, Проектируемая көчөсүндөгү 15 үйдүн жашоочуларынын
арыздары каралууда жана таза сууну өчүргөн депутат Адилет Асаналиевге
карата териштирүү иштери жүрүүдө, — деди Аламедин районунун акиминин
биринчи орун басары Манас Касымбеков. Эске салсак, бешкүнгөйлүктөр
бир жумадан ашык убакыттан бери таза суусуз күн кечиришүүдө.
Айылдыктардын мындай кырдаалга туш болушуна Таш-Мойнок айылдык
кеңешинин депутаты Адилет Асаналиев күнөөлүү. Анын буйругу менен
22-июлда суу дарбазасынын жанындагы түтүктүн бир бөлүгү кесилген,
тургундардын үйүнө тартылган түтүк жабылган абалда болчу.
Депутат айылдыктарды суусуз калтырып суу түтүгүн калыбына келтирүү
аракети болсо массалык башаламандык уюштураарын айтып коркуткан.