Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев
Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болду.
Бүгүн, 30-июлда Бишкек шаардык кеңешинин жаңы депутаттары ант беришти.
Кадыр Атамбаев дагы күбөлүк жана төш белги алды. Ал шаардык кеңешке
«Социал-демократтар» партиясынын тизмеси менен келди.
11-июлда өткөн Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо «Социал-демократтар»
5 мандатка ээ болушкан.
Кадыр Атамбаев 28 жашта. Ал Алмазбек Атамбаевдин эң кичүү уулу.