Балыкчы шаарында жана Тоң районунун Кара-Талаа, Оттук айылдарында сел жүрдү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүн, таңда каптаган
суу турак жайларды каптап, ички жолдорго жана арыктарга кум шагыл толуп калды.
Ысык-Көлдүн түштүк жагындагы трассанын 35-чакырымында жолдун айрым жерлери
дагы жабыркады. Ал эми көлдүн түндүк жагынан кеткен жол ачык. Учурда жеринде
35 куткаруучу, 2 атайын техника тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Жабыркагандар катталган жок.