Бишкектин айрым аймагында 9 күнгө газ өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймагында 9 күнгө газ өчүрүлөт. “Газпром Кыргызстан” ишканасынан билдиришкендей, 4-августтан 12сине чейин, Байтик Баатыр, Лев Толстой, Элебаев жана Кулатов көчөлөрү чектешкен бөлүктө, ошондой эле Байтик Баатыр, Кулатов, Жукеев-Пудовкин жана Горький чарчы бөлүгүндө дагы көгүлтүр от болбойт. Убактылуу өчүрүүлөр мындан 50 жыл мурда орнотулган… Кененирээк…

Мектептерди ачуу маселеси “Август кеңешмесинде” чечилет

Мектептерди ачуу маселеси “Август кеңешмесинде” чечилет. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин адиси Гүлшан Абдылдаева билдирди. Анын айтымында, учурда министрликтин мектептерде сабактарды кадимки тартипте окутууга даярдыгы каралууда. Учурда мугалимдердин 80 пайызы ковидге каршы эмделди. Айрымдарында вакцинация толук жүргүзүлдү. Белгилеп кетсек, 2020-жылдын мартында жабылган мектептер толук ачыла… Кененирээк…

Бишкектеги эки сквер жарыктандырылды

Бишкектеги эки сквер жарыктандырылды. Мэриядан билдиришкендей, “Физкультурный” эс алуу багына 120 диоддук чырак жана 76 торшердик түзүм орнотулду. Андан тышкары, Фрунзе – Панфилов көчөлөр кесилишиндеги Турсунбаева сквери да жарык болуп калды. Анда кайра калыбына келтирүү иштери жүрүп, 32 чырак алмашытырылды. Ошондой эле Айни – Чапаев… Кененирээк…

Түркиянын өрт каптап жаткан дагы бир районунун калкы көчүрүлөт

Токойлорду өрт каптап жаткан Түркиядагы Манавгат облусунун дагы бир, Гүндогмуш районунун жашоочулары толук көчүрүлөт. Өлкөнүн айыл-токой-чарба министри Бекир Пакдемирли билдиргендей, 28-июлда токойдо чыккан өрт өлкөнүн туристтик аймактары Мармарис жана Бодрумдагы калктуу конуштарга чейин жетти. Ар кандай тобокелчиликтин алдын-алуу максатында мейманканалардагы жана айрым айылдагы тургундар башка… Кененирээк…

Олимпиада оюндарынын 12-күнүндө 6 кыргызстандык спортчу таймашка чыгат

Олимпиада оюндарынын 12-күнүндө 6 кыргызстандык спортчу таймашка чыгат. Биздин балбандар спорттук күрөш боюнча байгеге ат салышат. Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча 77 килограммга чейинкилер арасында финалга чыгат. Үзүр Жусупбеков көңүл жубатуучу мелдеште кармашса, Мээрим Жуманазарова дагы ушундай эле тартипте беттешет. Андан тышкары, Айсулуу Тыныбекова жана… Кененирээк…