Бишкектин айрым аймагында 9 күнгө газ өчүрүлөт.
“Газпром Кыргызстан” ишканасынан билдиришкендей,
4-августтан 12сине чейин, Байтик Баатыр, Лев Толстой,
Элебаев жана Кулатов көчөлөрү чектешкен бөлүктө, ошондой эле
Байтик Баатыр, Кулатов, Жукеев-Пудовкин жана Горький чарчы
бөлүгүндө дагы көгүлтүр от болбойт. Убактылуу өчүрүүлөр мындан
50 жыл мурда орнотулган тутүктөрдү оңдоо иштерине байланыштуу.