Түркиянын өрт каптап жаткан дагы бир районунун калкы көчүрүлөт

Токойлорду өрт каптап жаткан Түркиядагы Манавгат облусунун дагы бир,

Гүндогмуш районунун жашоочулары толук көчүрүлөт. Өлкөнүн айыл-токой-чарба

министри Бекир Пакдемирли билдиргендей, 28-июлда токойдо чыккан өрт өлкөнүн

туристтик аймактары Мармарис жана Бодрумдагы калктуу конуштарга чейин жетти.

Ар кандай тобокелчиликтин алдын-алуу максатында мейманканалардагы жана

айрым айылдагы тургундар башка жактарга убактылуу көчүрүлүп жатат.

Түркиялык өрт өчүргүчтөргө учурда Россия, Украина, Азербайжан, Ирандан

барган куткаруучулар жардам беришүүдө. Учурда өлкөнүн Анталия, Мугла,

Ыспарта жана Денизли аймактарында өрт токтой элек.