Кыргызстанда акысыз паспорт берүү кампаниясы уланууда

Кыргызстанда акысыз паспорт берүү кампаниясы уланууда. Novosti.kgге мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, бүгүнкү күндө 211 паспорт даярдалды. Мындай документтер жашы 18ге чейинки толук жетимдерге, бардык топтогу майыптарга, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана Баткен окуясынын катышуучуларына жеткиликтүү. Улуттук кампания 1-майда башталган, ал 31-августка чейин уланат.

Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова Олимпиадада коло байге үчүн таймашат

Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова Олимпиадада коло байге үчүн таймашат. Көңүл жубатуучу беттеште ал азербайжандык Элиз Манолованы 4:1 эсебинде утуп алды. Биздин балбан кыз эми коло үчүн монголиялык спортчу менен күрөшөт. Таймаштар Бишкек убактысы боюнча саат 5те башталат.

Жакынкы арада өсүмдүк майы жана кумшекерге болгон баа арзандайт

Жакынкы арада өсүмдүк майы жана кумшекерге болгон баа арзандайт. Бул тууралуу монополдукка каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин бөлүм башчысы Сагындык Маматоморов билдирди. Анын айтымында, августтун аягына чейин Кыргызстанга 0 ставкадагы КНС менен  40 миң тонна кумшекер жеткирилет. Бул рынокто азыкка болгон баанын төмөндөшүн шарттайт.… Кененирээк…

Беш-Күнгөй айылынын Проектируемая көчөсүндө дагы деле таза суу жок

Беш-Күнгөй айылынын Проектируемая көчөсүндө дагы деле таза суу жок. Жергиликтүү тургундардын айтымында, эки жумадан бери суусуз күн кечирип жатышат. Ал эми Аламедин районунун экономика бөлүмүнүн башчысы Канат Орунтаев билдиргендей, талкаланган түтүк калыбына келтирилип, жумада аталган 15 үйдүн тургундарына таза суу берилген. Бирок, бүгүн таңда кайрадан… Кененирээк…

Олимпиада оюндарына катышып жаткан кыргызстандык балбандардын фианалдык кармаштары Ала-Тоо аянтында көрсөтүлөт

Олимпиада оюндарына катышып жаткан кыргызстандык балбандардын фианалдык кармаштары Ала-Тоо аянтында көрсөтүлөт. Бүгүн саат 3тө борбордук аянтка экран орнотулат. Андан калаа тургундары жана коноктору мелдешти туз эфирден көрө алышат. Ал эми балбандар Айсулуу Тыныбекова жарым финалга саат 3:15те, Акжол Махмудов финалга 4,5да жана Мээрим Жуманазарова саат… Кененирээк…

Айсулуу Тыныбекова Олимпиада оюндарында жарым финалга чыкты

Айсулуу Тыныбекова Олимпиада оюндарында жарым финалга чыкты. Тыныбекова бүгүнкү чейрек финалда румыниялык балбандын далысын жерге тийгизип, таза жеңишти камсыздады. Биздин балбан кыз эми украиналык Ирина Колия менен жарым финалда кездешет. Тыныбекова баштапкы этапта латвиялык спортчу менен кармашып 8:0 эсебинде утуп алды.

Казакстан кыргызстандыктар үчүн чек арасын ача элек

Казакстан кыргызстандыктар үчүн чек арасын ача элек. Novosti.kgге чек ара кызматынан билдиришкендей, учурда өткөрүү түйүндөр аркылуу бир гана оор жүк ташуучу унаалар өткөрүлүүдө. Ал эми кыргызстандыктар коңшу өлкөгө киргизилбейт, бир гана аба жолдору аркылуу жетсе болот. Бирок Казакстанда жашап, анда каттоодо тургандар, жакын туугандары, ата-энеси… Кененирээк…

Айсулуу Тыныбекова алгачкы беттешин 8:0 эсебинде жыйынтыктады

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Олимпиада оюндарында алгачкы беттешин 8:0 эсебинде жыйынтыктады. Муну менен Тыныбекова чейрек финалга чыкты. Бүгүн өткөн таймашта Тыныбекова латвиялык спортчу менен кез келди. Эми ал румыниялык спортчу менен күрөшөт. Белгилеп кетсек, бүгүн ошондой эле грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов финалга чыгат.… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунда катталган селден 342 турак жай жабыркады

Ысык-Көл облусунда катталган селден 342 турак жай жабыркады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, анын ичинен 67 үйдүн ичине сел агындылары толуп, 4 үй авариялык абалга келип, жашоого жараксыз болуп калды. Калдыктар арыктарга жолдорго толду. Учурда облуста электр энергиясын калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Электр… Кененирээк…

Сингапур бийлиги Олимпиаданын алтын медалы үчүн спортчуларын 738 миң доллар менен сыйлайт

Сингапур бийлиги Олимпиаданын алтын медалы үчүн спортчуларын 738 миң доллар менен сыйлайт. Дүйнөдөгү төлөмдөрдүн рейтингин Forbes журналы жазып чыкты. Андан кийин эле Индонезия 346 миң доллар менен турса, Бангладеште — 300 миң доллар берилет. Ал эми бизге коңшу өлкөдө казак бийлиги өз чемпиондоруна 250 миң… Кененирээк…