Бишкектеги эки сквер жарыктандырылды.
Мэриядан билдиришкендей, “Физкультурный” эс алуу багына
120 диоддук чырак жана 76 торшердик түзүм орнотулду.
Андан тышкары, Фрунзе – Панфилов көчөлөр кесилишиндеги
Турсунбаева сквери да жарык болуп калды. Анда кайра калыбына
келтирүү иштери жүрүп, 32 чырак алмашытырылды. Ошондой эле
Айни – Чапаев көчөлөр кесилишиндеги сейил бак көрктөндүрүлдү.
Жарыктандыруу иштери Кайыңдуу токой багында уланууда.