Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашуу ратификацияланды
Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашуу ратификацияланды. Тиешелүү мыйзам долбооруна президент Садыр Жапаров кол койду. Фонд Кыргызстандын экономикасынын приоритеттүү тармактарында өзүн-өзү актаган долбоорлорду каржылайт. Уставдык капиталына Өзбекстан тарабынан 50 миллион доллар менен берилет. Кийин капитал 200 миллион долларга чейин жетет.