Кыргызстанда уйдун эти кайрадан кымбаттап жатат

Кыргызстанда уйдун эти кайрадан кымбаттап жатат.   Бул тууралуу Монополдукка каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Андан белгилешкендей,  март айында 430 сомдун тегерегинде сатылган уй этинин бир килограммынын баасы азыр 470тин тегерегинде болууда.   Бул малды сыртка чыгарууга салынган тыюунун мөөнөтү аяктаганына байланыштуу болууда. Өкмөт… Кененирээк…

Бишкекте билим берүү мекемелерин жаңы окуу жылына даярдоо иштери кызуу жүрүүдө

Бишкекте билим берүү мекемелерин жаңы окуу жылына даярдоо иштери кызуу жүрүүдө. Мэриянын маалыматына ылайык, №39 мектеп-гимназияда чатыр жана сантүйүндөр алмаштырылууда.   Ал эми №14 орто билим берүү мектебинде жылытуу системасын алмаштыруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Жакында калыбына келтирүү жумуштары аяктайт.

Айдоочуларга күмүш сырга

Айдоочуларга күмүш сырга. Ысык-Көлдө 19-20-августта жолдор убактылуу жабылат. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, бул күндөрү Чолпон-Атада ЕАЭБ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын катышуусунда отурум өтөт.   Буга байланыштуу Тамчы айылынан Бостери айылына чейинки, андан тышкары Чолпон-Ата шаарында ички жолдорду жабуу пландалууда.

Бишкек мэрин шайлоо 26-августта өтөт

Бишкек мэрин шайлоо 26-августта өтөт. Учурга карата бир талапкер документтерин тапшырды.   Ал учурда калаа жетекчисинин милдетин аткарып жаткан Айбек Жунушалиев. Анын талапкерлигин министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жылдырган.   Жунушалиев мэрдин милдетин 12-августтан тарта аткарууда. Ал эми ага чейин бул кызматты туура 10 күн… Кененирээк…

Кыргызстандык балбан Мухаммад Абдуллаев жаштар арасындагы Дүйнө чемпионатынан коло медаль утту

Кыргызстандык балбан Мухаммад Абдуллаев жаштар арасындагы Дүйнө чемпионатынан коло медаль утту.   Күрөш федерациясынан билдиришткендей, Абдуллаев 79 килограмм салмак категориясы боюнча килемге чыгып, 3-орун үчүн кармашта казакстандык Махамбет Нуржаубаевди  4:1 эсебинде утуп алды.   Күрөш боюнча жаштар арасында Дүйнө чемпионаты Уфа шаарында өтүп жатат.