Кыргызстанда мугалимдердин жетишсиздиги сакталууда. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, келе жаткан окуу жылына 2 миңдей педагог жетпейт. Көбүнчө башталгыч класстардын мугалимдери талап кылынат.
Ведомстводон белгилешкендей, быйыл педагогикалык факультеттердин бюджеттик бөлүмдөрүн 2 миңден ашык студент аяктады. Алардын бардыгы мектептерге иштөөгө кирсе, анда тартыштык жоюлмак.