Кыргызстанда аңчылык сезону башталды

Кыргызстанда аңчылык сезону башталды.

 

Экология жна климат боюнча мамлекеттик комитеттен “Азаттыкка” билдиришкендей, 14-августта башталган сезон алкагында кулжа-теке, кийик, каман жана айрым канаттууларга аңчылык кылууга уруксат берилди.

 

Кулжа менен текени атуу декабрдын акыркы жумасында токтойт. Тоо текени атууга уруксат алыш үчүн кыргыз жарандары 10 миң сом, чет элдиктер 100 миң сом төлөйт. “Кызыл китепке” кирген жаныбарларга аңчылык кылууга уруксат жок.