Бишкектин бир бөлүгүндө электр энергиясы өчүрүлөт. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин жарык Щербаков, Үмөталиев, Москва, Карасаев көчөлөрүндө, Арча-Бешик, Көк-Жар конуштарында жана Аламүдүн-1 кичи районунда жок болот.
Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.