Кыргызстанда уйдун эти кайрадан кымбаттап жатат

Кыргызстанда уйдун эти кайрадан кымбаттап жатат.

 

Бул тууралуу Монополдукка каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Андан белгилешкендей,  март айында 430 сомдун тегерегинде сатылган уй этинин бир килограммынын баасы азыр 470тин тегерегинде болууда.

 

Бул малды сыртка чыгарууга салынган тыюунун мөөнөтү аяктаганына байланыштуу болууда. Өкмөт фермерлерге 8-июлдан тартып экспортко кайрадан уруксат берген.