Кыргызстандык балбан Мухаммад Абдуллаев жаштар арасындагы Дүйнө чемпионатынан коло медаль утту.
Күрөш федерациясынан билдиришткендей, Абдуллаев 79 килограмм салмак категориясы боюнча килемге чыгып, 3-орун үчүн кармашта казакстандык Махамбет Нуржаубаевди 4:1 эсебинде утуп алды.
Күрөш боюнча жаштар арасында Дүйнө чемпионаты Уфа шаарында өтүп жатат.