Россия Баткен шаарына орус тилдүү мектеп куруп берет

Россия Баткен шаарына орус тилдүү мектеп куруп берет. Калаа мэриясынын маалыматына ылайык, билим берүү мекемеси 1 миң 200 оруучуга ылайыкталат жана анда балдарга орус тилинде билим берилет. Курула турган мектеп үчүн Чет-Булак кварталынан 2 гектар жер бөлүнүп берилди. Курулуш иштерин кийинки жылы баштоо пландалууда.

Жогорку Кеңешти шайлоого карата бир мандаттуу система боюнча 22 талапкер катталды

Жогорку Кеңешти шайлоого карата бир мандаттуу система боюнча 22 талапкер катталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Белгилеп кетсек, 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоодон 90 талапкер өтө алат. 54ү париялар тизмесинен келет, 36сы бир мандаттуу округдардан келет. Ал эми өзүн-өзү көрсөткөндөр 13-октябрь, кечки саат 6га… Кененирээк…

Кыргызстанда 18 миллиард сомдук капиталы менен турукташтыруу фонду түзүлөт

Кыргызстанда 18 миллиард сомдук капиталы менен турукташтыруу фонду түзүлөт. Бул республикалык бюджеттин жылпы чыгымынын 10 пайызын түзөт. Бул тууралуу экономика жана өнөр жай министринин биринчи орун басары Данияр Иманалиев билдирди. Ал белгилегендей, мындай фондду түзүү чечими коопсуздук жаздыкчасын түзүүгө байланыштуу кабыл алынды. Фонддун негизги багыты… Кененирээк…

WhatsApp тиркемесинде жаңы функция пайда болот

WhatsApp тиркемесинде жаңы функция пайда болот. Эми колдонуучулар билдирүүлөргө өзүнчө арызданып, модераторлорго текшерүүгө жөнөтө алышат.   Анын ортосунда, мессенджер авторго маалымдама жөнөтпөй эле, аны блокко салууга мүмкүнчүлүк түзүп берет.   Функция жеке жазышууда  дагы, тайпаларда дагы иштейт. Жаңычылдык учурда сыноодон өтүп жатат, ал качан жалпы… Кененирээк…

5-октябрдан тарта Россия ортосундагы аба каттамдар жанданат

5-октябрдан тарта Россия ортосундагы аба каттамдар жанданат.   Бул тууралуу аталган өлкөнүн өкмөтүнүн расмий сайтында маалымдалат. Алсак, эми Ош-Москва каттамы жумасына бир жолу аткарылат.   Санкт-Петербург — Бишкек, Санкт-Петербург – Ош жана Новосибирск – Ош багыттары боюнча учактар жумасына бирден учат. Андан тышкары, Ош шаарына… Кененирээк…

Бишкектин вице-мэри Русланбек Акылбеков кызматынан бошотулду

Бишкектин вице-мэри Русланбек Акылбеков кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Андан белгилешкендей, Акылбеков башка ишке которулду.   Ордо калаа жетекчиси Айбек Жунушалиевдин дагы бир буйругу менен Таалайбек Орозов санариптештирүү жана транспорт боюнча вице-мэр болуп дайындалды.

Тайландда таксилерден огород пайда болду

Тайландда таксилерден огород пайда болду. Пандемия учурунда көптөгөн унаалар колдонулбай калган. Андыктан, компаниялардын бири гаражда токтоп турган машинелердин капотуна өсүмдүк өстүрүү чечимин кабыл алды.   Жалпысынан 300 унаа колдонулду. Түшүм болсо кызматкерлерге таратылып жатат.

Юстиция министрлиги октябрда акысыз юридиалык жардам берүү боюнча эки борбор ачат

Юстиция министрлиги октябрда акысыз юридиалык жардам берүү боюнча эки борбор ачат.   Ведомство маалыматына ылайык, биринчиси Кайындыда жайгашса, экинчисинин дареги – Бишкек шаары, Жибек Жолу проспекти.   Алардан тургундар айрым суроолор боюнча юридикалык кеңештерди алып, долбоорлорду ишке ашыруу боюнча документтерди толтурууну үйрөнүшөт. Талап кылынса, ошол… Кененирээк…

Бүгүн мамлекеттик тил күнү

Кыргыз тили мамлекеттик макамга ээ болгонуна быйыл 32 жыл болду. 1989-жылы 23-сентябрда “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, андан кийин кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген.   Мамлекеттик тил – мамлекетте иш кагаздарын жана сот иштерин алып барууда, жалпы билим берүүчү орто мектептерде,… Кененирээк…

Кыргызстан интернет эркиндиги жарым-жартылай мамлекеттердин катарына кирди

Дүйнө өлкөлөрү арасындагы интернет эркиндигин изилдеген «Freedom House» уюмунун рейтингинде Кыргызстан интерет эркиндиги жарым-жартылай мамлекеттердин катарынан орун алды. Аталган рейтинг уюмдун расмий сайтында жарыяланды.   Ага ылайык интернет колдонуучулардын укугу баарынан бекем сакталган жана жарандарына интернетти колдонууга болушунча эркин шарт түзүп берген өлкө деп Исландия… Кененирээк…