Юстиция министрлиги октябрда акысыз юридиалык жардам берүү боюнча эки борбор ачат.
Ведомство маалыматына ылайык, биринчиси Кайындыда жайгашса, экинчисинин дареги – Бишкек шаары, Жибек Жолу проспекти.
Алардан тургундар айрым суроолор боюнча юридикалык кеңештерди алып, долбоорлорду ишке ашыруу боюнча документтерди толтурууну үйрөнүшөт. Талап кылынса, ошол жерден эле жактоочуну дагы дайындоо мүмкүн болот.