Кыргызстан интернет эркиндиги жарым-жартылай мамлекеттердин катарына кирди

Дүйнө өлкөлөрү арасындагы интернет эркиндигин изилдеген «Freedom House» уюмунун рейтингинде Кыргызстан интерет эркиндиги жарым-жартылай мамлекеттердин катарынан орун алды. Аталган рейтинг уюмдун расмий сайтында жарыяланды.

 

Ага ылайык интернет колдонуучулардын укугу баарынан бекем сакталган жана жарандарына интернетти колдонууга болушунча эркин шарт түзүп берген өлкө деп Исландия мамлекети табылган. Андан соң Эстония, Канада, Германия жана Австралия өлкөлөрү алдыңкы бештиктен орун алышкан.

 

Ал эми Кыргызстан тизмедеги 65 өлкөнүн арасынан 25-орунга жайгашты. Бул жарым-жартылай интернет эркиндигине ээ дегенди түшүндүрөт.

Коңшу мамлекеттерден Казакстан 50, Орусия 51 жана Өзбекстан 58-катардан орун алып, «интернет эркиндиги жок» деп бааланган.

 

Ошондой эле интернет эркиндиги жок өлкөлөрдүн эң акыркы саптарында Вьетнам, Куба, Сирия, Иран жана Кытай жайгашкан. Кытай өлкөсү 4-жыл катары менен интернет эркиндиги жок өлкөлөрдүн эң аягында калууда.

Белгилей кетсек, интернеттин эркиндиги боюнча рейтингди түзүүдө бир катар критерийлер эске алынат. Аларга каалаган маалыматты эч тоскоолдуксуз алуу жана жөнөтүү мүмкүнчүлүгү, интернет аркылуу өз оюн эркин билдире алуу, интернет айдыңында тараган маалыматтарга эч кандай цензуранын жоктугу сыяктуу жагдайлар кирет.