5-октябрдан тарта Россия ортосундагы аба каттамдар жанданат

5-октябрдан тарта Россия ортосундагы аба каттамдар жанданат.

 

Бул тууралуу аталган өлкөнүн өкмөтүнүн расмий сайтында маалымдалат. Алсак, эми Ош-Москва каттамы жумасына бир жолу аткарылат.

 

Санкт-Петербург — Бишкек, Санкт-Петербург – Ош жана Новосибирск – Ош багыттары боюнча учактар жумасына бирден учат. Андан тышкары, Ош шаарына эми Красноярск, Екатеринбург жана Иркутск калааларынан түз учуп келсе болот.