Россия Баткен шаарына орус тилдүү мектеп куруп берет.
Калаа мэриясынын маалыматына ылайык, билим берүү мекемеси
1 миң 200 оруучуга ылайыкталат жана анда балдарга орус тилинде
билим берилет. Курула турган мектеп үчүн Чет-Булак кварталынан
2 гектар жер бөлүнүп берилди. Курулуш иштерин
кийинки жылы баштоо пландалууда.