Кыргызстанда жер титиреди

22-сентябрь күнү кечки саат 22:07де өлкө аймагында очогунда күчү 3 жарым баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.   «Жер титирөөнүн очогу Ат-Ойнок кырка тоолорунда, Көл айылынан 5 чакырым түштүк-чыгыш, Алмалуу айылынан 5 чакырым түндүк-чыгышта жайгашкан. Калктуу конуштарда жер титирөөнүн күчү Тар-Суу айылында 3… Кененирээк…

Бишкектин Дордой конушунда жаңы бала бакча пайда болот

Бишкектин Дордой конушунда жаңы бала бакча пайда болот.   Мэриянын маалыматына ылайык, имарат 140 орунга чакталат. Анда оюн бөлмөлөрү, ашкана, уктоочу жайлар, медициналык кабинеттер жана музыкалык-гимнастикалык залдар каралган.   Курулуш иштерине каражат шаар бюджетинен бөлүндү.

Google компаниясы каргалардын кол салуусунан улам дрон менен жеткирүү кызматын токтотту

Google компаниясы каргалардын кол салуусунан улам дрон менен жеткирүү кызматын токтотту.   Маалыматка ылайык, Австралияда канаттуулар дайыма кол салып, жабдууларды сындырышкан, ошондуктан тапшырыктар кардарларга убагында жетпей калган.   Корпорация чоң жоготууларга учурап, каргалардын айынан мындай жеткирүү кызматы токтотулду.

Бишкектин бир бөлүгүндө электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө электр энергиясы өчүрүлөт. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин жарык Москва, Мессарош, Токтоналиев, Лермонтов, Осмонкул көчөлөрүндө, Мурас-Ордо, Алтын-Бешик, Көлмө, Тынчтык, Арча-Бешик, Көк-Жар конуштарында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Кыргызстанда коомдук саламаттыкты сактоо тармагындагы алгачкы операциялык борбор ачылды

Кыргызстанда коомдук саламаттыкты сактоо тармагындагы алгачкы операциялык борбор ачылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма-сөз кызматынан билдиришти.   Борбор чукул кырдаалдарда калктын ден-соолугуна байланыштуу ыкчам чараларды көрүү боюнча иш алып барат. Ал үчүн тиешелүү жабдууларды сатып алууга эл аралык уюмдар колдоо көрсөттү.

Урмарал дарыясы аркылуу өтүүчү Талас – Тараз унаа жолундагы  көпүрөнүн курулушу кийинки жылы башталат

Урмарал дарыясы аркылуу өтүүчү Талас – Тараз унаа жолундагы  көпүрөнүн курулушу кийинки жылы башталат. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, жеринде ошондой эле кичи жолдор, дамбалар жана тротуарлар калыбына келтирилет.   Долбоор Япония өкмөтү тарабынан каржыланууда. Аны ишке ашырууга жалпысынан 16 миллион доллар бөлүнгөн.

Кыргызстанда жөлөк пулдарды жогорулатууга 450 миллион сомдон ашык талап кылынат

Кыргызстанда жөлөк пулдарды жогорулатууга 450 миллион сомдон ашык талап кылынат. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, ушул жылдын 1-октябрынан тарта майыптыгы бар балдарга бериле турчу пособие 50 пайызга көтөрүлөт. Ал эми  2022-жылдын  январынан баштап жөлөк пулдар 100 пайызга жогорулайт.  … Кененирээк…

Kумтөрдүн ишин иликтеген комиссиянын иштөө мөөнөтү узартылды

“Kумтөр Голд” ишканасынын ишмердигин текшерген мамлекеттик комиссиянын иштөө мөөнөтү дагы үч айга же Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын мөөнөтү аяктаганга чейин узартылды. Мындай чечимди парламент депутаттары Жогорку Кеңештин 22-сентябрдагы жыйынында кабыл алды.   Быйыл 17-февралда Кумтөр кенинин ишин иликтеген депутаттык комиссия түзүлүп кийин ал мамлекеттик болуп… Кененирээк…

Дүйнөдөгү эң коопсуз шаарлар аталды

Дүйнөдөгү эң коопсуз шаарлар аталды. Эл аралык эксперттер дүйнөнүн 60 шаарындагы кылмыштуулуктун деңгээлине изилдөө жүргүзүп, рейтинг түздү.   Ага ылайык, Копенгаген биринчи орунда жайгашты. Экинчиде Торонто, үчилтикти Сингапур бекитет.   Тизмеде ошондой эле Токио, Сидней, Амстердам, Гонконг, Мельбурн бар. Эң коопсуз шаарды аныктоо үчүн кылмыштуулуктун… Кененирээк…